Теке 29, 2025
Убакыт: 11:12
USD
87.20
87.70
EUR
100.80
101.80
RUB
1.060
1.095

Ош жана Жалал-Абад облусунда жер титиреди

16.09.2020 09:48
1258
Ош жана Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн, 16-сентябрда саат 05:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Өзгөн районунун Шоро-Башат, Жийде, Жыланды, Калта жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Чангет айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн