Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ош облусунда IT тармагын өнүктүрүү боюнча жолугушуу болду

28.02.2022 16:11
1177
Ош облусунда IT тармагын өнүктүрүү боюнча жолугушуу болду

 


Бүгүн, 28-февраль күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жана «КАРПОУ» (Кыргызкой ассоциации разработчиков и программного обеспечения и услуг) мекемесинин аткаруучу директору Авигаиль Менашени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда Ош облусундагы IT тармагын өнүктүрүү, IT тармагына адистерди даярдоо жана бир катар долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Ош облусунун башчысы IT тармагын өнүктүрүү мезгил талабы экенин белгилеп, адистерди даярдоого ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.


Ошондой эле облус аймагындагы мектептердин Информатика мугалимдерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана мекеме ишкана кызматкерлерине IT тармагында сабатуулугун жогорулатуу боюнча сүйлөшүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн