Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 09:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Ош аэропортунун Бажы кызматкерлери ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн келген жарандардан пара алып турган

25.03.2022 10:01
544
Ош аэропортунун Бажы кызматкерлери ЕАЭБден тышкары өлкөлөрдөн келген жарандардан пара алып турган

 Манас эл аралык аэропорту ААК Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


    Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жүргүзүлүп жатат.

 

  Манас эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды. 

 

  Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды. 

 

  Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Бул жанылык емес бизге,еми билдинерби?