Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети "Мамлекеттик тилдин колдонулушу жөнүндө" мыйзам долбоорлорун карады.
Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова коомчулукта талкуу жараткан нормалардын бири — окуучуларды класстан класска өткөрүүдө кыргыз тили боюнча экзамен тапшыруу талабы болгонун эске салды. Анын айтымында, мындай норма буга чейинки Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу максатында сунушталган.
Бирок депутат Дастан Бекешев бул токтомду жокко чыгаруу зарылдыгын айтып чыкты. Натыйжада комитет мүчөлөрү бул норманы мыйзам долбоорунан алып салууга добуш беришти.
Ошол эле учурда мектептерде бүтүрүүчү экзамендер, ошондой эле колледждер менен ЖОЖдорго кирүү жана бүтүрүүдө кыргыз тили боюнча экзамен тапшыруу талабы мыйзамда калтырылды.
Эске салсак, аталган норма боюнча бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн