Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Өз алдынча облустарга кирүүгө тыюу салган чечимдерди өзгөртүү керек, - Боронов

05.05.2020 16:14
1095
Өз алдынча облустарга кирүүгө тыюу салган чечимдерди өзгөртүү керек, - Боронов

 

Облустарга кирүүгө тыюу салган өз алдынча чечимдерди өзгөртүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын отурумунда билдирди.


Ал жарандардан COVID-19 инфекциясынын жоктугу тууралуу маалым катты талап кылуу иш-аракеттердин тиешелүү алгоритминде каралбаганын, мындай кадамдар шарттан тышкары болуп саналарын айткан.


"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн облуска кирүүгө тыюу салуу жана адам коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалым катты талап кылуу боюнча өз алдынча кабыл алган чечимдерин өзгөртүү керек", - деген Боронов.


Ошондой эле, облустарга кирүүчү жердеги санитардык-карантиндик посттор Саламаттык сактоо министирлиги берген көрсөтмөнүн негизинде иштеши керектигин айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн