Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйынына катышты.
Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйын Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткат.
Жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан сунуш-пикирлер айтылып, бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.
Анын ичинен билим берүү, айыл чарба тармактарына тиешелүү кодекстердин, салык саясатын жана жасалма интеллектти колдонуу маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын моделдик долбоорлору кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн