Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 10:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Нарын шаарында арзан баада көмүр сатылууда

19.12.2023 12:41
847
Нарын шаарында арзан баада көмүр сатылууда


Нарын шаарында арзан баада көмүр сатылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, көмүрдүн 1 тоннасынын баасы 5 миң сомду, ал эми жеткирип берүү кызматын кошкондо 5 миң 500 сомду түзөт.

Нарын шаарынын батыш тарабындагы Ак-Оргон аймагындагы кампада 300 тонна Турук көмүрү бар. Элди жеткиликтүү баада отун менен камсыз кылуу максатында көмүр ишкерлер тарабынан ташылып келүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, Нарын шаарында көмүрдүн кору жетиштүү. Шаар боюнча ондон ашуун көмүр базасы уюштурулган.

“Көмүр сатып алууну каалаган жарандар 0704 344747 номерине кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн