Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Ибраимов менен Кулматовдун соту 27-майга жылды

20.05.2020 18:12
1104
Ибраимов менен Кулматовдун соту 27-майга жылды


Бишкек шаардык сотунда мамлекеттин бюджетине чыгым келтирген деп айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдон кылмыш иши каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майдагы соттук отурумда тɵрт айыпталуучу суралып, күбɵ катары каржы министринин мурдагы орун басары Мирлан Байгөнчөков кɵрсɵтмɵ берген.


Ал эми соттук коллегия Кубанычбек Кулматовду сурап баштаганда жумуш убактысы бүтүп калганына байланыштуу, соттук отурум 27-майга саат 10-00гө жылдырылды.

 

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов Кытайдын гранты менен Бишкекте эки миллион долларга салынган мектептин 94 миллион 800 миң сомдон ашык акчасын жеп койгон деп айыпталууда.


Албек Ибраимов мэр болуп турган жылдары Бишкектеги жерди мыйзамсыз бөлүүгө,  "Дастан" заводуна жетекчилик кылып турган жылдары мамлекеттин бюджетине чыгым келтиргени үчүн жана Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионатты мыйзамсыз саткан деп айыпталып жатат.


Буга чейин Ленин райондук соту Албек Ибраимовду күнөөлү деп таап 15 жылга эркинен ажыраткан. Кубанычбек Кулматов мамлекетке 5 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн