Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:00
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Муфтият Жалал-Абад жана Нарында муктаждарга азык-түлүк таркатты

08.05.2020 16:58
1423
Муфтият Жалал-Абад жана Нарында муктаждарга азык-түлүк таркатты


Жалал-Абад жана Нарын облустарында 216 үй-бүлөгө ооз ачарга азык-түлүк салынган баштыктар таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 8-май күнү Жалал-Абад облустук казыяты “Исар”  кайрымдуулук фонду менен биргеликте Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун  аймагында жашаган 96 жетим балага ооз ачаар баштыкчаларын тараткан. 


Ошондой эле, Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан да рамазан айынын урматына Нарын шаарындагы 120 үй-бүлөгө ооз ачар баштыктары берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн