Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 03:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Муфтият 2020-жылы ажылыкка барбай калгандардын акчасын кайтарат

08.02.2021 16:47
770
Муфтият 2020-жылы ажылыкка барбай калгандардын акчасын кайтарат

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2020-жылы пандемиядан улам ажылыкка бара албай калган адамдардын акчасын кайтарып берет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2020-жылы ажылык сапарына баруу үчүн  ниет кылган  адамдар 3350 доолардан сапардын каражатын төлөгөн. Муфтияттын маалыматына таянсак, бардык адамдар толук берген эмес айрымдары каттоо үчүн 500 доллардан берген.

"Эгер каалоочулар акчасын кайтарып алууну кааласа, алардын арызынын негизинде акчасы кайтарылат. Акчасын кайтарып алган адам ажылык сапарына катталуучулардын тизмесинен чыгарылат. Ал эми кайтарып албаган инсандардын каражаты атайын эсепте сакталуу турат", - деп билдирди муфтияттан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн