Кулжа 11, 2025
Убакыт: 00:19:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.105
1.135

Москвада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

Москвада КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду


Москва шаарында бүгүн, 8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондо төмөнкү документтерге кол коюлду: 

- 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
–Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу жөнүндө;
-Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө;
– 2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан Республикасы), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения Республикасы), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь Республикасы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттерге жиберилүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенция тууралуу;
– 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2027-жылды укуктук агартуу жылы деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин Төрагасы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун Жетекчиси жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн