Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 00:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Молдовадагы президенттик шайлоодон Майя Санду жеңип чыкты

16.11.2020 15:00
749
Молдовадагы президенттик шайлоодон Майя Санду жеңип чыкты


Жекшемби күнү Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Бул шайлоодо экс-премьер министр Майя Санду айым өлкө ичиндеги шайлоо тилкелеринен дээрлик 100% менен жеңишти камсыз кыла алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. 


Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы президент Игорь Додон жана экс-премьер-министр, "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майя Санду атаандаш болушту.


Молдованын БШКсы шайлоо участкаларындагы бардык протоколдорду иштеп чыкты. Комиссиянын сайтындагы алдын-ала маалыматтарга караганда, Санду президенттик шайлоодо 57,75% добуш менен жеңишке жетти, шайлоочулардын 42,25% Додон үчүн добуш берди. Молдова мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болуп жарактуу добуштардын жарымынан көбүн алган талапкер саналат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн