Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарында жүрүп жаткан курулуш объекттисинен кабар алды.
Анда, “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын маалыматтарына ылайык, жалпы курула турган батирлердин саны 5 112. Бүткөрүү мөөнөтү үч этаптан туруп, ал 2028-жылдын аягына чейин созулат. Ал эми, каржылоо өз нугунда жүрүүдө. Үйлөрдү курууда жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп, бардык сейсмикалык коопсуздук талаптары сакталганы айтылат.
Анда Адылбек Касымалиев мындай долбоор Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз турак жай менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.
Курулуп бүткөн батирлер Мамлекеттик программанын алкагында социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека багыттары боюнча кезекте турган жарандарга берилет. Ошондой эле биргелешкен курулуш механизми менен кезексиз берүү жагы каралган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн