Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:10
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Министрдин орун басары: Өзгөн району Баткен облусуна карайт

21.04.2021 13:58
2103
Министрдин орун басары: Өзгөн району Баткен облусуна карайт


Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйында кесиптик окуу жайлар боюнча мыйзам долбоору каралды. 


Депутат Сагындык Келдибаев Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровго: "Өзгөн районунда канча кесиптик лицей бар?",- деген суроо берди. 


"Өзгөн районунда так канча лицей бар экени боюнча азыр толук маалыматым жок. Жалал-Абад облусу боюнча кесиптик лицейлердин саны...",-деди Омуров.


"Мен сизге Жалал-Абад облусун айткан жокмун. Өзгөн району Жалал-Абад облусуна карайбы?",- деди депутат.


"Өзгөн району Баткен облусуна карайт",- деди министрдин орун басары. 


"Министрдин орун басары Кыргызстандагы эң чоң райондордун бири Өзгөн районун кайсы облуска карарын билбейби?", - деди Келдибаев


"Мен азыр чаташтырып алдым",- деди Омуров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн