Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 21:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Мэр ЕРӨБдин өкүлүнө эки долбоорду сунуштады

14.09.2022 15:06
1050
Мэр ЕРӨБдин өкүлүнө эки долбоорду сунуштады

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Айтен Рустамова баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы жана болочок долбоорлорду талкуулашты. Атап айтканда, кысылган жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу процессин тездетүү маселесин талкуулады.


Банк ошондой эле “Бишкек суу долбоору” жана “Бишкек үчүн автономдуу троллейбустарды сатып алуу” деген эки долбоорду сунуштады.


Өз кезегинде, мэр долбоорлор борбордун мэриясында тармактык адистерди тартуу менен кеңири карала турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн