Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 19:18
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Мектептерде дин тарыхын окутуунун жалпы стандарты иштелип чыкты

01.07.2022 09:32
588
Мектептерде дин тарыхын окутуунун жалпы стандарты иштелип чыкты


Кыргызстанда жалпы билим берүү мекемелерине “Диндердин өнүгүү тарыхын” окутуунун предметтик стандарты иштелип чыкты. Стандарт билим берүү мыйзамдарынын нормаларына ылайык түзүлгөнүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” окуучуларга диндерди жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Министрлик “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарты өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей экенин белгилейт. Стандарт жөнүндө толук маалымат бул жерде.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта диндердин тарыхы окутула баштайт. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн