Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн "алтын сертификаттар" менен сыйлоо аземине катышты.
Иш-чарага "алтын сертификаттын" 54 ээси, ошондой эле ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Министрлер кабинетинин башчысы президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды сертификаттарды алышы менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр үчүн гана эмес, жалпы коомубуз үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Бул – жашоонун жаңы барагынын башталышын символдоштурган күн, билимдин жүгү менен келечекке ишенимдүү кадам таштаган жаштардын жетишкендиктерин даңазалаган күн. Бул ийгиликтин артында балдардын өздөрүнүн аракети гана эмес, ата-энелердин камкордугу, мугалимдердин тынымсыз эмгеги турат. Сиздерди бул маанилүү окуя менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Быйыл 56 миңден ашуун тестирлөөгө катышуучулардын арасынан көрүнүктүү натыйжаларга жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн санынын көбөйүшү өзгөчө кубандырат. Бул билимдин баалуулугун түшүнгөн жана алдына койгон максаттарга умтулган жаңы муун өсүп келе жаткандыгынын ачык далили. «Алтын сертификат» – бул жөн гана жогорку балл эмес, бул тырышчаактыктын, туруктуулуктун жана чечкиндүүлүктүн татыктуу натыйжасы», - деди ал.
Адылбек Касымалиев мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин тандоого өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууну каалап, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриоттук маанайдагы кадрлар керектигин баса белгиледи.
«Бүгүн Кыргызстан экономиканы, айыл чарбасын, маалыматтык технологияларды, экологияны жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык жолду карманууда. Дал ушул жолду улантып, сапаттык жаңы деңгээлге чыгара турган сиздер – жаңы муунсуздар. Мекендин жаркын келечеги сиздердин билимиңиздерге, талыкпаган эмгегиңиздерге жана өз өлкөңүздөргө болгон чын ыкластуу сүйүүңүздөргө көз каранды. «Билим – бул бардык байлыктын ачкычы» деген макалды эч качан унутпаңыздар. Кыялдануудан коркпогула, алдыңарга бийик максаттарды койгула жана тырышып окугула!», - деди ал.
Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн