Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:35
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири”

27.09.2023 17:00
348
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири”


- Марлен мырза, нандын кымбатташы боюнча эмне айта аласыз?


- Бул эң чоң маселелердин бири. Нандын кымбатташы элге түздөн-түз чоң социалдык көйгөй болуп эсептелет. Ошондуктан, биз кайсы иш-чараларды кабыл алышыбыз керек? Пошлина болсо, жокко чыгаралы. Менин билишимче, материалдык резервде ундар бар. Азыр аны рынокко чыгарып, дефицитти жоюу зарыл. Ошондо ундун баасы кайра өзүнө келиш керек. Бул түздөн-түз өкмөттүн жумушу.


- Кудайга шүгүр, жерибиз аябай берекелүү. Башкасын билбейм, бирок нан, ун менен өзүбүздү камсыз кылсак болобу?


- Камсыз кылса болот. Болгону, биздин буудайдын курамында клейковинасы азыраак болот. Үрөн маселесин чечип, жер кыртышын даярдап, алдын ала бир-эки жыл башка өсүмдүктөрдү эгиш керек. Мунун баары айыл чарба министрлигинин иши. Тилекке каршы, унду башка өлкөлөрдөн сатып алганыбыз – чоң минустардын бири болуп эсептелет. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн