Кулжа 15, 2025
Убакыт: 05:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

“Манас" аэропортунда адамдар эвакуацияланууда

22.05.2024 15:02
380
“Манас" аэропортунда адамдар эвакуацияланууда


"Манас" аэропортунда бомба коюлганы тууралуу билдирүүдөн кийин кайрадан эвакуация жүргүзүлүүдө.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 13:10до аэропорттун аймагына бомба коюлганы, ал саат 15:00дө жарыла тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Азыр каттоо токтотулуп, аэропорттогу адамдарды эвакуациялоо жүргүзүлүп жатат. Бирок, каттамдар жылдырыла элек", - деп билдиришти.

Эскерте кетсек, өткөн жумада дагы аэропортко бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, бирок анда маалымат ырасталган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн