Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Мамытканов: Талапкерлердин арасында бир да бай же олигарх жок

17.12.2020 18:10
1063
Мамытканов: Талапкерлердин арасында бир да бай же олигарх жок

17-декабрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 


Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды.

Өз сөзүндө М.Мамытканов президенттик шайлоо ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.


«Биздин эң башкы милдетибиз - таза шайлоо өткөрүү. Биз буга шарт түзүшүбүз керек. Талапкерлердин арасында бир дагы бай же олигарх жок экендигин өзүңүздөр  көрүп турасыздар. Баарыбыз шайлоо административдик ресурстарды колдонбостон жана добуш сатып алууларсыз өтөт деп үмүттөнөбүз. 5-октябрдагы окуялар кыргыз эли акыйкаттык үчүн күрөшөөрүн көрсөттү», - деди ал.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Бай же олигарх барында емес кандидаттардын.Соодалашып ,бут досторун койуп алып шайлоого аттанган кишиде