18-майда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Парламенттен билдиришкендей, сапардын алкагында Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушат.
Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле 19-майда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин көчмө жыйыны өтөт.
Жыйынга Жогорку Кеңешитин төрагасы, ошондой эле Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламенттеринин жетекчилери катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн