Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Курман айт күнү Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөр жабылат

27.06.2023 13:32
516
Курман айт күнү Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көчөлөр жабылат


Эртең, 28-июнда Бишкектин эски аянтында Курман айт намазы окулат. Буга карата шаардын борбордук бөлүгү саат 02:00дөн 09:00гө чейин жабылат.

Төмөнкү көчөлөрдө убактылуу чектөөлөр киргизилет:

  • Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы;
  • Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Тыныстанов көчөсүнүн Фрунзеден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Чүй проспектисинин Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн