Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:03
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кулубаев "Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия" диалогуна катышты

17.04.2025 10:06
209
Кулубаев "Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия" диалогуна катышты


Күн мурун Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия" аталышындагы стратегиялык диалогдун Тышкы иштер министрлеринин III жыйынына катышты.


Ведомстводон маалымдашкандай, Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Борбор Азия мамлекеттери жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен кызматташуунун негизги багыттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди.


Ал акыркы жылдары Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттер кыйла жанданганын белгилеп, кыргыз тарап ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу региондор аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.


Жыйналыштын күн тартибине ылайык, тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын I cаммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулап, 2025-жылдын май айында өтө турган II cаммитке даярдыкты карашты.


Делегациялардын башчылары ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүүнү чыңдоо маселелери, ошондой эле эл аралык жана регионалдык актуалдуу темалар боюнча пикир алмашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн