Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 23:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Күч органдары аскер кызматкери катышкан жол кырсыгына комментарий берди

06.07.2023 14:24
463
Күч органдары аскер кызматкери катышкан жол кырсыгына комментарий берди


Адам өлүмү менен коштолгон кырсыкка кабылган Ички аскерлердин аскер кызматчысы окуя болгон учурда дарыланууга өргүүгө чыккан. 


Маалым болгондой, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.


«Жабырлануучулар Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болушкан. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат түшкөн. Аскер кызматкери Э.Ж. 20-июндан бери амбулатордук дарыланууда болчу», - деп билдиришти.


Эске салсак, Ички аскерлердин аскер кызматкери эки жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүргөн. Кырсык 5-июль күнү саат 22.00дөр чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу мас абалында болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн