Бугу 10, 2025
Убакыт: 04:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Кубаттоочу станциялар жок. Бишкекке электробустар качан келери айтылды

04.04.2023 18:00
381
Кубаттоочу станциялар жок. Бишкекке электробустар качан келери айтылды

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайа борбор калаанын мэриясы менен биргелешкен долбоордун алкагында Бишкекке электробустар качан келерин айтып берди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө АӨБ артыкчылыктуу жеткирүүчүлөрдү изилдеп жатат. Электробустардын биринчи партиясы ушул жылдын аягында келүүсү күтүлүүдө.


“Бирок мөөнөт муниципалитеттин даярдык деңгээлине жараша болот, учурда бул маселени мэрия менен талкуулап жатабыз. Биз бардык инфраструктураны долбоорлоону биргеликте жүргүзөбүз. Азыр электробустар үчүн кубаттоочу станциялар даяр эмес”, - деди Кановпан Лао Арайа.


Эскерте кетсек, АӨБ 2021-жылдын декабрынын башында аккумулятордук электр автобустарын сатып алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга 50,65 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржылоону бекиткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн