Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Куала-Лумпурдун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

16.04.2025 11:58
346
Куала-Лумпурдун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Куала-Лумпур шаарынын мэри Маймуна Мохд Шариф менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын борбор шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү маселелери талкууланды.


Ошондой эле шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, көрктөндүрүү, коомдук траспортту жакшыртуу, экологиялык абалды оңдоо жана узак мөөнөттүү шаарды пландаштыруу тармактарында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу орун алды.


Малайзия тарап Кыргызстандын муниципалитеттеринин кызматкерлерине үчүн тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.


Ошондой эле элчи Анвар Анарбаев 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Куала-Лумпур шаарынын көчөлөрүнүн бирине улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу сунушун киргизди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн