Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 20:56
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кочкордо унаа оодарылып кетип, 25 жаштагы жигит каза болду

08.09.2020 12:22
1116
Кочкордо унаа оодарылып кетип, 25 жаштагы жигит каза болду


Нарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда жол кырсык катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза болгон.


Жерине куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн