Кызыл-Кыя шаарында 10 автобус сатып алынып, каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган транспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 740 миң долларга лизингге алынган.
"Анын 20 миллион сому республикалык бюджеттен Баткенди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 500 сомдун эсебинен алынды. Япониянын технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган автобустарда бардык шарт бар", — деп айтылат маалыматта.
Шаардык мэрия 2023-жылы да аталган фонддун көмөгү менен 10 автобус, эки таштанды ташуучу унаа алганы кошумчаланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн