Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:06
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кислороддук концентратор жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлүндү

03.07.2020 15:42
1414
Кислороддук концентратор жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлүндү


Өкмөт кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды. 

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытайдан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргызстанга жеткирүү үчүн бөлүндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн