Теке 31, 2025
Убакыт: 09:01
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Кыргызстандын мамлекеттик карызы июль айында 47 миллион долларга кыскарды

07.10.2021 15:09
1620
Кыргызстандын мамлекеттик карызы июль айында 47 миллион долларга кыскарды




Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 874 миллион долларды (413 миллиард 142 миллион сом) түздү. Мындай маалыматты 31 -июлга карата Экономика министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.


Өткөн айга салыштырмалуу карыздын көлөмү 47 миллион долларга азайган, ал эми республиканын тышкы карызы дээрлик 4 миллиард 163 миллион долларга, ички карызы 711 миллион долларга жеткен.

Министрликтин маалыматы боюнча, мамлекеттин карызы быйыл болжолдонгон ИДПнын 65% ын түзөт. Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 2025 -жылга чейин мамлекеттик карызды ИДПнын 60% дан төмөн түшүрүү аракетин көрүүнү сунуштаган. Антпесе, республиканын келечекте экономикалык төмөндөөгө жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү аз болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн