Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандын кайсы облусунда коронавирус эң аз катталды? (тизме)

08.07.2020 11:09
1101
Кыргызстандын кайсы облусунда коронавирус эң аз катталды? (тизме)


Бүгүн, 8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын жалпы саны 8486га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Анын айтмында, акыркы суткада СOVID-19 инфекциясынын жаңы 345 учуру катталса,  67 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2983 адамды түздү.


Аймактардагы бейтаптардын саны:

- Бишкек шаарында – 3617;


- Чүй облусунда – 1545;


- Ош шаарында – 878;


- Нарын облусунда – 586;


- Ош облусунда – 586;


- Жалал-Абад облусунда – 501;


- Ысык-Көл облусунда – 258;


- Баткен облусунда – 193;


- Талас облусунда – 82;


- Соль-Илецк шаарынан келген 119 адам;


- Россиядан келген 100 курсант;


- Россиядан келген 21 жаран.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Элдин коп жашаган жыштыгына Салыштырмалуу? нарында коптуу болобу ошондо?