Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:10
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандын ички карызы 232,3 миллион долларга өстү, - Финансы министрлиги

21.08.2024 12:57
887
Кыргызстандын ички карызы 232,3 миллион долларга өстү, - Финансы министрлиги


Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 362 миллион долларды түздү. Мындай маалыматтар 2024-жылдын 30-июнуна карата Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн.


Ведомствонун расмий маалыматы боюнча, тышкы карыз 4 миллиард 501,8 миллион долларды, ички карыз 1 миллиард 860,14 миллион долларды түздү.


Тышкы карыз 150,8 миллион долларга азайган. 2023-жылдын 31-декабрына салыштырмалуу ички 232,3 миллион долларга өстү.


Мамлекеттик карыз 81,4 миллион долларга өстү. Ички карыздын олуттуу бөлүгүн узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча кредиттер түздү – 1 млрд 838,27 млн ​​доллар (99,1 пайыз). Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – 1 миллиард 660,64 миллион доллар (36,9 пайыз).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн