Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстандыктар үчүн Россияга кирүү шарты өзгөрдү

08.07.2021 09:32
1822
Кыргызстандыктар үчүн Россияга кирүү шарты өзгөрдү

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, 10-июлдан тартып кыргызстандык жарандар ПЦР тесттин жыйынтыгын кол телефонундагы "Коронавирусу жок саякаттайм" деп аталган тиркеме аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Тест Россияга киргенге чейин 72 сааттын ичинде тапшырылышы керек.


Ал эми россиялык жарандар өлкөгө киргенден кийин үч күн аралыгында ПЦР тест тапшырууга жана анын жыйынтыгы чыкканга чейин жашаган жеринде обочолонуп турууга милдеттүү.


Ал эми коронавируска каршы вакцина алган жарандар эмделгени тууралуу электрондук сертификатын көрсөткөн учурда ПЦР тест тапшырбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн