Теке 11, 2025
Убакыт: 17:54
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Кыргызстанда жасалма "элиталык" азык-түлүктөрдү жүгүртүү ишине бөгөт коюлду

11.07.2025 12:27
20
Кыргызстанда жасалма "элиталык" азык-түлүктөрдү жүгүртүү ишине бөгөт коюлду


Кыргызстанда жасалма "элиталык" азык-түлүктөрдүн масштабдуу жүгүртүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат мамлекеттин экономикалык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында "элиталык импорттук продукция" деген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүү, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыштуу схеманы аныктады.


Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталган маалыматтарга ылайык: 10 жылдан ашуун убакыттан бери базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген "Корзинка" ЖЧКсынын негиздөөчүсү КР жараны 1988-жылы туулган З.С.Н., 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн. 


Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран чет өлкөлүк сатуучулар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан. 


Европадан – италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон.


Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар "чет өлкөдөн келген деликатес" деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөргө сатылган.


Тинтүү учурунда аталган компаниянын төмөнкү даректердеги кампаларында: Бишкек шаары, Набережная көч. 16, Жукеева-Пудовкина көч. 616 (Корзинка дүкөнү), Интергельпо көч. 1-үйдө – сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лаборатория, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздар табылган.


Компаниянын бардык иш-аракеттери токтотулуп, кеңселерине мөөрлөр басылып, "Корзинка" ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н., директору Р.С.В. жана дүкөндүн башкаруучусу С.О.В. камакка алынды.


Учурда мыйзамсыз схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча бир катар тергөө иш-чаралары жана салыктык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.


УКМК эскертет!


Кыргызстан – чет өлкөлүк жарактан чыгарылган азык-түлүктөрдүн таштандысы эмес.
Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды "премиум" үлгүсүндөгү товар катары жашыруу аракеттери – жарандардын ден соолугуна каршы багытталган кылмыш болуп саналат.


Биз ишкерлерди көмүскө схемаларга аралашпоого, ата мекендик ак ниеттүү өндүрүшчүлөрдүн продукциясына артыкчылык берүүгө, керектөөчүнүн жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн таза иштөөгө чакырабыз.
Бүгүнкү күндө жаркыраган таңгактын артында, жашоо үчүн ар түрдүү коркунучтар катылуусу мүмкүн. Бул багытта жарандардын ишениминен пайдалангандар – мыйзам чегинде жооп берет.


УКМК олуттуу сунуштайт:


  • "Эксклюзив" делген атты жамынып, тиешелүү документтери жок, арзан бааларды сунуштаган сатуучуларга карата көзөмөлдү күчөтүүнү;
  • шек жараткан жана ишенимге ээ болбогон алып-сатар ортомчулардан соода-сатык жүргүзүүдөн баш тартууну;
  • мыйзам чегинде иштеген ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясына артыкчылык көрсөтүүнү;
  • товарларды сатып алууда керектүү болгон лабораториялык сертификаттарды, ветеринардык жана фитосанитардык маалымкаттарды, импорттук декларациялардын түп нускаларын талап кылууну. Кардар кафе же ресторанда жасалмалуу эмес, сапаттуу азыктарга төлөм жүргүзүп жатканынан ишенимдүү болуусу зарыл.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн