Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:50
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда ушул жумада 42 мектеп жана 4 спорт зал колдонууга берилет

28.08.2023 13:48
347
Кыргызстанда ушул жумада 42 мектеп жана 4 спорт зал колдонууга берилет


Кыргызстанда 1-сентябрна карата 42 мектеп жана 4 спорт зал пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлү менен бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш тарабынан 46 мектепте жана мектептердин спорттук залдарында курулуш иштери аяктап, ачылыш алдында турат.

Ал белгилегендей, жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн