Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:33
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда төрөлүп, жашоо өзү бакыт. Министр Чынбаева Эгемендүүлүк күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

27.08.2021 15:00
936
Кыргызстанда төрөлүп, жашоо өзү бакыт. Министр Чынбаева Эгемендүүлүк күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Мекенибизге, туулган жерибизге карата болгон сүйүү жана ата-бабаларыбызга болгон сый-урмат биздин каныбыз менен жаралган жана ушул сапат өлкөбүздү чыңдоого зор таасирин тийгизет.

Ал эми мыйзам тармагы коомдогу тынчтыктын, биримдиктин, жарандардын боордоштугунун жана мамлекеттин күчтүү болушунун өбөлгөсү. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жарыяланган күндөн тартып, 30 жылдан бери, биз биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдап келе жатабыз.

Биздин өлкөбүз – дүйнөдөгү эң сонун жер, биз ушул жерде туулуп өсүп жана жашап, өлкөбүздү өнүктүрүп жатканыбыз үчүн бактылуубуз! Мен Сиздерге алдыдагы максаттардын орундалышын жана узак өмүр, бакубат жашоону каалайм.

Майрамыңыздар куттуу болсун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Юстиция министри

А.Р. Чынбаева


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн