Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 06:29
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда "Эне капиталы" 1-январдан тарта күчүнө кирет, - Ташиев

12.11.2024 12:00
524
Кыргызстанда "Эне капиталы" 1-январдан тарта күчүнө кирет, - Ташиев


Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр үчүн "Эне капиталы" 1-январдан тарта күчүнө кирерин Камчыбек Ташиев айтты.


Ал мурдараак мамлекет ар бир төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчиге 1 миллион сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга 1,5 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом берүүнү пландап жатканын билдирген.


УКМК төрагасы кечээ Оштогу үч эм наристелүү болгон үй-бүлө менен жолугуп, аларга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, 500 миң сом, ноутбук жана башка белек-бечкек тапшырган. Балдардын атасы Жаза аткаруу кызматында (Ош) иштесе, энеси — үй кожойкеси.


Өткөн аптада Ташиев Нарында жарык дүйнөгө келген үч эмди барып көрүп, ата-энесине 500 миң сом жана үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн