Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кыргызстанда ИДПнын өлчөмү 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү

18.04.2025 12:32
316
Кыргызстанда ИДПнын өлчөмү 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү


Финансы министрлиги бүгүн өлкөнүн 2024-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунун коомдук угуусун уюштурду.


Ага министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, Финансы министрлигинин башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


Отчеттук иш-чаранын таанытымын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору Үмүтжан Аманбаев жасап, кенен маалымат берди.


Үмүтжан Аманбаевдин айтымында, өлкөдө жана анын бардык секторлорунда реалдуу реформалар, экономикалык жактан туруктуу өнүгүү болуп, мунун натыйжасында жакшы жыйынтыктар чыгууда.


"2024-жылдын жыйынтыты боюнча ИДПнын номиналдык көлөмү 1 трлн 523 млрд сомду түзүп, өсүшү 9%ды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биздин алдыдагы планыбыз - муну 2030-жылдарга карата дагы 2,5 эсеге

жогорулатуу. 2024-жылдагы калктын жан башына ИДПсы 2431 доллар өлчөмүндө болгон.


Ошондой эле “Кыргызстандын 2024-жылдагы консолидацияланган бюджети 688,8 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2025-жылга 708,9 млрд сом өлчөмүндө деп пландаштырылган”, - деди Аманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн