Теке 18, 2025
Убакыт: 13:37
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.115
1.135

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 38 млрд коротту

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 38 млрд коротту


2025-жылдын башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 38,05 миллиард сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Ага ылайык, бул сумманын 22,04 миллиард сому тышкы карызды, 16,01 миллиард сому ички карызды жабууга багытталган.


Министрликтен тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн негизги суммасы 19,09 млрд сомду, пайыздар 2,91 млрд сомду, башка чыгашалар 40,5 млн сомду түзгөнүн тактады.


Ички карыз боюнча негизги сумма 8,93 миллиард сомду түзүп, 7,08 миллиард сом пайыз түрүндө төлөндү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн