Теке 16, 2025
Убакыт: 20:58
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.116
1.135

Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уругу менен өзүн камсыздай баштайт

16.07.2025 14:02
28
Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уругу менен өзүн камсыздай баштайт


Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздоого ишенимдүү бел байлады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, ал үчүн 9 "Акылдуу күнөсканалар" курулуп бүтүп, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уругун сыноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 


Анын негизги максаты жашылча өсүмдүктөрүнүн уругуна болгон импорттук көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү чыңдоо, сапатын жогорулатуу аркылуу жашылча үрөндөр менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана селекциялоо инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев бүгүн бул борбордо жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышты.


Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрь айына пландалууда.


Белгилей кетсек, жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктарын сыноо иштери Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунда жүрүп жатат. Анын жалпы наркы 3 млн 485 миң долларга барабар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн