Бугу 20, 2025
Убакыт: 12:40
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.085
1.125

Кыргызстан жана Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

20.05.2025 10:05
13
Кыргызстан жана Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды


Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров  Малайзиянын бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуу ТИМ башчысынын орун басарынын экинчи кыргыз-малайзия саясий консультацияларына катышуу үчүн Малайзияга болгон иш сапарынын алкагында орун алды.


Атап айтканда, Медер Абакиров Малайзиянын башкы прокурору Мохд Дусуки бин Мохтар, Жогорку билим берүү министрлигинин, Санариптик технологиялар министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.


Аталган жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан жана Малайзиянын ортосундагы билим берүү, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо, укуктук кызматташтык жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн кароосундагы тиешелүү эки тараптуу документтердин долбоорлору талкууланды.


Тараптар аталган тармактардагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.


Мындан тышкары, Медер Абакиров “Petronas” малайзиялык мамлекеттик компаниясынын вице-президенти Норафизал Мат Саад менен да жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон кызматташтык маселелери талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн