Кыргызстан менен Венесуэланын ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндөгү макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү документке 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстандын жана Венесуэла Боливар Республикасынын – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү жана болуу үчүн визалык талаптардан 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн