Теке 10, 2025
Убакыт: 21:33
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Кыргызстан Россиянын салык тармагындагы тажрыйбасын өздөштүрөт

Кыргызстан Россиянын салык тармагындагы тажрыйбасын өздөштүрөт


Үстүбүздөгү жылдын 8-9-июлунда Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчиси Даниил Егоров менен жолугушту.


Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө салыктык аналитика чөйрөсүндөгү санариптик чечимдерди өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды ишке ашыруу тууралуу макулдашууларга жетишилди.

Ошондой эле эки өлкөнүн салык кызматынын башчылары өз ара тажрыйба алмашуу, салык органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча макулдашышты.


Мындан тышкары, сапардын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү Россиянын Федералдык салык кызматынын ишмердүүлүгүндө колдонулуп жаткан санариптик чечимдер менен таанышышты.


Россиянын Федералдык салык кызматы жана Өнөр жай жана соода министрлиги колдонуп жаткан "Честный знак" товарларды маркалоо системасына өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана Россияда идентификация каражаттары менен маркалоо системасын натыйжалуу киргизүү жана бул системаны Кыргызстанда дагы өнүктүрүү маселелери каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн