Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча өнөктүгүн баштады.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу 7-апрелде Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан салтанаттуу кабыл алуу өттү.
Кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеди.
Министр Кулубаев өз сөзүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү катары иш алып баруу алкагында Кыргызстандын негизги артыкчылыктарын, өлкөнүн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, превентивдүү дипломатияны жана ортомчулукту белгиледи. Ошондой эле өнүгүп келе жаткан, тоолуу, анча өнүкпөгөн жана чакан арал мамлекеттеринин кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана коргоону жактагандыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан куралсыздандыруу жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо боюнча аракеттерин улантарына ишендирди.
Иш-чарага БУУнун жана анын агенттиктеринин өкүлдөрү, уюмга мүчө 150дөн ашык мамлекет катышты. Кабыл алууда коноктор улуттук ашканадан ооз тийип, кыргыз фольклорунун композицияларынан ырахат алышты.
"Бул аларга кыргыз элинин бай маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.
БУУнун алдында кабыл алуу Кыргызстандын глобалдык чакырыктарды чечүүдө маанилүү салым кошууга жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине активдүү катышууга даярдыгын көрсөтүүгө маанилүү иш-чара болду", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн