Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады

29.04.2025 10:38
23
Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады


Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.


Маалыматка караганда, кечээ Женевада өлкөнүн талапкерлигин көрсөтүү аземи болуп, аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов ачкан.


"Кыргызстан Борбор Азияда саясий эрк көрсөтүп, маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жана жакшы коңшулаштык принциптерин туруктуу илгерилетип жатат. Бул Кыргызстандын аймактык маселелерди чечүүдөгү жана глобалдык туруктуу тынчтыкка салым кошуудагы тынчтык орнотуу аракеттерине активдүү катышууга даяр экенин көрсөтөт", — деди Баетов.


Ошондой эле ал кыргыз тараптын эл аралык процесстерге катышуудагы негизги артыкчылыктарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн