Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 19:38
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Кыргыз-казак чек арасында жүк өткөрүү жанданды

25.03.2020 19:26
841
Кыргыз-казак чек арасында жүк өткөрүү жанданды


Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды өткөрүү жандандырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартка карата "Ак-Тилек" автожол көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, "Чон-Капка" автожол аркылуу 26 унаа Кыргызстанга кирди. Ал эми, 192 жүк ташуучу унаа Казакстанга кирген.

Жүктөрдүн арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башка товарлардын бар экени кабарланды.

Эскерте кетсек, буга чейин эки өлкөнүн Өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн