Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Кылмыш козголгон Ош шаарынын мэриясынын кызматкери убактылуу кызматтан четтетилди

18.02.2022 17:12
595
Кылмыш козголгон Ош шаарынын мэриясынын  кызматкери убактылуу кызматтан четтетилди

Ош шаарынын мэриясынын менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


 Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 03-141-2022-0000001 сандуу кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдары аяктаганга чейин КРнын Эмгек кодексинин 76-беренесинин 1-пунктуна, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу бүгүн мэрдин буйругу чыкты.


Анын кызматтык милдеттерин убактылуу аткаруу башкармалыктын жерлерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Эмиль Туленбаевге жүктөлдү. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн