Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кедейлик эшиктен кирген кезде сүйүү терезеден качып кетет

14.04.2025 14:43
149
Кедейлик эшиктен кирген кезде сүйүү терезеден качып кетет


Жарды байыса жайдын күнү меш жагат.

(Перси накылы)


Бай “кемем чөгүп кетти” деп ыйласа, кедей “балдагым сынды” деп ыйлайт.

(Карель накылы)


Эң жарды киши – бул колундагысын колдоно албаган киши.

(Пьер Буаст)


Тарыхтагы эң улуу киши эң жарды болгон.

(Ралф Эмерсон)


Жокчулук мыйзамдан да күчтүү.

(Орус накылы)


Жардылык бизди тажрыйбалуу кылат.

(Публий Сир)


Жакырчылыктан өлүмдүн жыты келип турат.

(Зора Херстон)


Муктаж болгон киши бай эмес, муктаж болбогон киши кедей эмес.

(Демокрит)


Көйгөй – биз кедейлерди камсыздай албаганыбызда эмес, байлардын талабын канааттандыра албаганыбызда.

(Жак Фреско)


Актануу адамды жарды кылат.

(Роберт Кийосаки)


Бай киши – бул акчасы бар кедей.

(Уильям Клод Филдс)


Эгер биз баарыбыз байысак, анда баарыбыз жарды болмокпуз.

(Марк Твен) 


Байлар байлыктын артынан чуркаса, кедейлер байлардын артынан чуркашат.

(Томас Фуллер)


Жардылардын арасында бай болгондон көрө, байлардын арасында кедей болгон жакшы.

(Бахтияр Мелик оглы Мамедов)


Европада бир еврей Робин Гуд пайда болду. Ал байлардын акчасын алып, кедейлерге берет экен. Процентке берет...

(Михаил Задорнов)


Мактоого сук киши эмгекке жарды.

(Плутарх)


Бай бутун этият кылса, кедей өтүгүн этияттайт.

(Эмиль Кроткий)


Ачкөз киши дайыма жарды.

(Франческо Петрарка)


Сүйүүгө жарды киши сылык да боло албайт.

(Фридрих Ницше)


Россиянын дарыгерлери “кедейлер эч качан оорубаса экен, байлар дегеле айыкпаса экен” деп тилешет.

(Михаил Задорнов)


Эң ачкөз киши – эң жарды киши.

(Кенже Сенека)


Эгер кимдир бирөө байыса, демек, кимдир бирөө жакырланыптыр.

(Михаил Сафарбекович Гуцериев)


Жүрөгү айкөл киши кийими жупуну болсо да бараандуу көрүнөт.

(Густав Фрейтаг)


Эң жарды киши адатта эң чынчыл болот. 

(Дензел Вашингтон) 


Бай киши үйүн гүл менен кооздосо, кедей туугандары аркылуу кооздойт.

(Дон-Аминадо) 


Менде баары бар, ошон үчүн мен жардымын.

(Джек Керуак)


Акындар жакыр болуш үчүн жаралышат.

(Томас Дьюар)


Турмуштун ачуу чындыгы ушунда, атүгүл улуу адамдардын да жарды туугандары болот.

(Чарльз Диккенс)


Бай жазуучулар чайлык тыйын берсе, жарды жазуучулар интервью беришет.

(Дон-Аминадо)


Ыйык кишилердин көбү жарды болушкан, бирок бул жардылардын баары ыйык дегенди билдирбейт.

(Индж Уильям)


Эгер бай киши жардылык жөнүндө ойлосо, демек, анын идеясы жарды экен.

(Эвита Перон)


Кедейлик эшиктен кирген кезде сүйүү терезеден качып кетет.

(Джон Кларк)


Жардылык – өлүмдүн башкача бир формасы.

(Латын накылы)


Жардылыкты изилдөөгө сарпталган акчалардын жок дегенде жарымы жардыларга тийсе жакшы болбойт беле?..

(Билл Вон)


Мамат Сабыров

Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн