Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:04
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Казакстанга суунун кошумча берилиши: Депутат Министрлер кабинетинин отчетун талап кылды

09.12.2021 11:25
626
Казакстанга суунун кошумча берилиши: Депутат Министрлер кабинетинин отчетун талап кылды

Нур-Султан шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Маминдин жолугушуусунан кийин Кыргызстан Казакстанга жайында Токтогул суу сактагычынан кошумча суу бергени белгилүү болду.


Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев аталган маселе боюнча Министрлер кабинетинин отчетун талап кылды.


"Бизге жарандар чалып жатат. "Эмнеге өзүбүздүн жер кургап, эгин болбой жатса, Казакстанга суу бердик" деп. Канча суу берилген, анын ордуна эмне алдык?

Бул боюнча Министрлер кабинети отчет беришин талап кылам",- деди Дастан Бекешев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн