Бугу 20, 2025
Убакыт: 18:06
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Касымалиев ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басарын кабыл алды

20.05.2025 13:00
19
Касымалиев ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басарын кабыл алды


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисянды кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле экология, транспорт, туризм, миграция жана башка актуалдуу багыттардагы биргелешкен санариптик демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


Минкаб төрагасы кыргыз тараптын Евразия өнүктүрүү банкы, Санариптик демилгелер фонду менен кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.


Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян өз кезегинде өлкө үчүн артыкчылыктуу экономика секторлорунда өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана мындан ары өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирди.


Тараптар санариптик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу ниетин баса белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн